Аманалиев, Баатырбек (1929-1996). Кыргыз философиясы жана анын тарыхы боюнча таанымал адис. Философия илимдеринин доктору (1966), профессор (1968). Кыргыздардын исламга чейинки диний-философиялык түшүнүктөрү, анын ичинен тотемизм, шаман дини жана алардын кыргыздардын жашоо турмушундагы, дүйнө таанымындагы ролу боюнча эмгектерди жазган. Илимпоздун эмгектери жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн илим чөйрөлөрүнө кенен маалым болгон. Анын эмгектеринин кыргыз этнографиясын, этностук маданиятын иликтөөдө мааниси зор. Автордун жазып калтырган эмгектери кыргызтаануу үчүн маанилүү булак болуп калары ырас. Кыргыз педагогикалык институтун (1950), М.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетин аяктаган. Кыргыз Мамлекеттик университетинде доцент, Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунда кафедра башчысы, Кыргыз УИАсынын философия Укук институтунда директордун орун басары болуп эмгектенген. Кыргыз философиясынын тарыхы боюнча 40тан ашуун илимий эмгек, анын ичинен 4 монография жазган: Из истории философкой мысли киргизского народа. Ф.: 1963; Социально-политические и философские идеи Токтогула и Тоголок Молдо. Ф. : 1963; Кыргызские мыслители 19 - и нач. 20 века. Ф.: 1965; Из истории религии и свободомыслия в Киргизии. Ф.: 1968 ж.б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү