Аманат же аманат кармоо салты

Аманат же аманат кармоо салты бул байыртадан белгилүү жана кенен тараган салт. Эки уруунун, эки мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө максатында аманат кармоо салты таралган. Аманат катары тектүү кишини же анын туугандарын, айрым учурда бир уруу элди, белгилүү өлчөмдөгү мал-мүлк берилген. Аманатка таасирлүү адамды, тектүү адамдардын тукумунан, туушкандарынан дайындашкан.

Аманаттагылар жасалгалуу ак үйдө жашашчу. Ошондуктан, аны «ак үй» же «ак үйлүү» деп да аташкан. Аманат салты энесайлык кыргыздарда 18-к. баш чендерине чейин сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү