Нуртазин Аманбек (1939, Казак ССРи, Жамбыл облусунун, Курдай району, Кенес айылы) — опера ырчысы. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1987). 1956-ж. Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрынын опералык студиясына кабыл алынат.

Жаштардын жана студенттердин бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына катышып, лауреат болгон (1957). Москвадагы мамлекеттик Ленин ордендүү П. И. Чайковский атындагы консерваторияны бүтүргөн (1957). Кыргыз опера жана балет театрынын жетектөөчү солисти болуп иштеген. Азыр театр ишмерлеринин бирикмесинин алдындагы Актёрлор үйүндө улук нускоочу. Н. «Айчүрөк» операсында Күлчоро менен Акун кандын , «Манас» операсында Сыргактын ролун аткарган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4