Исмаилов Амантур Туратбекович
Исмаилов Амантур Туратбекович (29-декабрь, 1997-жылы[1]) — кыргызстандык спортчу, грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Дүйнө чемпионатынын (2022), Азия чемпионатынын (2021) жана Азия оюндарынын (2018) коло медалдарын тагынган. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси[1].
Исмаилов Амантур Туратбекович | |
Жеке маалыматы | |
---|---|
Жынысы |
эркек |
Жарандыгы | |
Чеберчилиги |
Грек-рим күрөшү |
Төрөлгөн датасы |
29 -декабрь 1997 (26 жаш) |
Төрөлгөн жери | |
Машыктыруучу |
Дастан Мухтаров |
Бою |
168 см |
Салмагы |
67 кг |
Спорттук чини |
грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери жана эл аралык даражадагы спорт чебери |
| |
Amantur Ismailov |
Кыскача өмүр жолу
түзөтүү1997-жылы 27-декабрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Далал-Абад шаарындагы №18 мектепке кирген. Күрөш менен 5-класстан баштап машыга баштаган. Аны күрөшкө бир тууган агасы ээрчитип барган. Кийин 7-классты аяктаганда Бишке шаарында жайгашкан Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайга тапшырган. Аталган окуу жайда спорт менен машыгууга шарт түзүлгөнү балбандын чоң спортто кадам таштоого себепчи болгон. 2015-жылы аталган окуу жайды аяктап, бир жылдпн кийин Бишкектеги Дене тарбия жана спорт Академиясына машыктыруучу адистигине тапшырган. “Спорттогу жетишкендиктериме атам Туратбек шык берген”,- дейт Амантур. Бирок атасы Амантур 11-класста окуган кезинде каза болуп, уулунун чоң спорттогу жетишкендиктерине күбө боло албай калган экен. Апасы Мээрим учурда Жалал-Абад шаарында жашап, суу адистиги боюнча эмгектенет. Амантур Исмаилов төрт бир тууган. Агасы Артур жана инилери Марлен жана Эрлан. Алгачкы машыктырууусу машыктуруучум Чыңгыз Пиримкулов, учурдагы машыктыруучусу Дастан Мухтаров. 2017-жылы грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Кыргызстандын чемпионатына 66 килограмм салмакта күрөшүп, 2-орунду ээлеген. 2018-жылдан тартып 67 килограмм салмакта күрөшүп келе жатат.
Карьерасы
түзөтүү2017-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионатында 2-орун.
2018-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону.
2018-жыл. 2018-жылы Индонезияда болгон Азия оюндарында коло байгенин ээси.
2019-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду ээлеген.
2019-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында коло байге. Монголия, Улан-Баатыр шаары.
2019-жыл. Эл аралык Балавадзе жана Картозия турниринин күмүш байгеси. Грузия, Тбилиси шаары.
2021-ж. Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионатында 2-орун.
2021-ж. Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси. Казакстан, Алмата шаары.
2021-ж. Киев шаарында өткөн эл аралык турнирде 3-орун.
2021-жыл. V 5 Ислам шериктештик оюндарынын күмүш байгесинин ээси. Түркия, Конья шаары.
2022-жыл. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (67 кг). Сербия, Белград шаары. Ал алгач 1/16 финалда венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда ирандык спортчуга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок атаандашы чыкпай калып, коло байге үчүн беттешкен. Чечүүчү 3-орун үчүн кармашта Амантур Исмаилов грузиялык атаандашы Жони Хецурианиге утулуп бара жатып, кайра ири эсеп менен (17:8) жеңип, коло байгенин ээси болду.
Жетишкендиктери
түзөтүүЖыл | Турнир | Өткөргөн шаар / өлкө | Жыйынтыгы | Спорттун багыты |
---|---|---|---|---|
2018 | Азия оюндары | Жакарта, Индонезия | 3 | Грек-рим 67 кг |
2021 | Азия чемпиондугу | Алма-Ата, Казакстан | 3 | Грек-рим 67 кг |
2022 | Ислам шериктештиги оюндары | Конья, Түркия | 2 | Грек-рим 67 кг |
2022 | Дүйнө чемпиондугу | Белград, Сербия | 3 | Грек-рим 67 кг |
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Wrestling Results Book. Текшерилген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2020.
- Амантур Исмаилов завоевал бронзу на Чемпионате мира по борьбе Булак: kloop.kg
- Амантур Исмаилов: Шарттын жоктугу ийгиликке тоскоол боло албайт Булак: govori.tv
- С 26 по 28 февраля 2021 года в Киеве состоялся международный турнир по спортивной борьбе памяти выдающихся украинских борцов и тренеров. Булак: mfa.gov.kg
- Жеңилип баратып утуп алды. Балбан Амантур Исмаиловдун коло алган видеосу Булак: sputnik.kg
- UWW/Amantu Ismailov Archived 2023-01-30 at the Wayback Machine