Америкалыктар — 1) АКШнын негизги калкы. Жалпы саны 281,4 млн адам (2000). Америкалыктар америка вариантындагы англис тилинде сүйлөшөт. Алардын көпчүлүгү протестанттар (баптисттер, методисттер), ошондой эле католиктер, иудаисттер, мусулмандар. 16-кылымда Европадан испандар, англичандар, француздар, голландиялыктар ж. б. Түндүк Америкага көчүп барып отурукташып, жергиликтүү индейлерди чет жакаларга сүрүп чыгарышкан. 18-кылымдын аягында америкалык улуттун негизин англиялык колониячылдардын урпактары түзгөн. 19-кылымдын 1-жарымында АКШда иммиграция күчөгөн, европалыктар, өзгөчө Ирландия, Франция ж. б. өлкөлөрдөн келгендердин саны өскөн. 1846-48-ж-дагы Америка-Мексика согушунан кийин мексикалыктар, 1861-65-жылдагы жарандык согуштан кийин афроамерикалыктар, 20-кылымдын башталышында индейлер Америкалыктардын курамына кирген. 1860-ж. иммигранттар АКШнын калкынын 13-14%ин түзсө, 1910-ж. 40%ке жакынын түзгөн. Аларга каршы 20-кылымдын 20-ж. иммиграциялык тыюу салуучу мыйзамдар чыгарылган. 1-дүйнөлүк согуштан соң иммигранттардын саны кескин кыскарып, аларга ар тараптан кысымдар көрсөтүлө баштаган. Ушуну менен АКШ аймагына эркин кирүү доору аяктаган жана ассимиляция процесси тереңдеп, этностор аралык консолидация күч алган. Бүгүнкү күндө Америкалыктар ар түрдүү расадагы этностордон куралган, жалпы улуттук патриоттук сезими күчтүү калк катары саналат. Азыркы Америкалыктардын көпчүлүгүн (69%) европалыктар (немистер - 15,2%, ирландиялыктар 10,8%, англичандар - 8,7%, италиялыктар - 3%) түзөт, ошондой эле Америкадагы эң чоң расалык топ испан-америкалыктар: мексикалыктар (7,3%), пуэрторикалыктар (1,2%), кубалыктар (0,4%) ж. б. Алардын көпчүлүгү АКШнын түштүк жана батыш бөлүгүндө, Калифорнияда жана Техаста (50%) жашашат. «Кара» А. (афроамерикалыктар) түштүк штаттарда элдин 12,3%ин түзөт. Азиялыктар менен аралашуусунун негизинде келип чыккан Америкалыктар 10,2 млн, кытайлар (2,4 млн), филиппиндер (1,8 млн), индиялыктар (1,7 млн), вьетнамдар (1,4 млн), кореялыктар (1 млн), япондуктар (796 миң адам) ж. б. Алар АКШнын Калифорния жана Гавайи штаттарында жашашат. Индейлер (чирок, навахо, чокто, сиу, оджибве - чиппева ж. б.) жана Аляскалык аборигендер (эскимос, алеуттар) - 2,5 млн адам; индейлер АКШнын түштүгүндө элдик санынын 31% ин жана батышында 43%ти түзөт, мындан сырткары шотландиялыктар (4,9 млн), норвегиялыктар (4,5 млн), арабдар (1,2 млн), чехтер (1,2 млн), датчандар (1,4 млн), голландиялыктар (4,5 млн), орустар (2,6 млн), украиндер (0, 9 млн) жашашып, өнөр жайларда, тейлөө тармактарында, илимий мекемелерде ж. б. иштешет. Улуттук майрам катары Эгемендүүлүк күнү (4-июль), Энелер күнү (майдын 2-жекшембиси) ж. б. майрамдалат. 2) Америка континентинде жайгашкан өлкөлөрдүн калкы да америкалыктар деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү