Англичандар (өздөрүн инглиш деп аташат) - эл, Улуу Британиянын негизги калкы. Жалпы саны 49,14 млн киши (2004), анын 44700 миңи Улуу Британияда. Канада, Австралия, АКШ, ТАР, Индия, Жаңы Зеландия жана башка жерлерде жашашат. Англис тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү протестант-англикандар, ошондой эле католиктер да бар. Англичандардын этностук негизин биздин замандын 1миң жылдыгында Британ аралына келип, ал жерде жашаган байыркы кельт уруулары менен ассимиляцияланган жана кийин аларды Шотландия, Уэльс, Корнуолланын тоолуу аймактарына сүрүп чыккан англ, сакс, ют жана фриздер сыяктуу герман уруулары түзөт. 1066-жылы Англияны нормандардын жеңип алышы - англичандардын этностук тарыхындагы маанилүү окуялардын бири. Өлкөдө нормандар менен француздар үстөмдүк кылышып, калктын англис тилинде сүйлөгөнүнө карабастан, башкаруучулар-барондор француз тилинде сүйлөшкөн. 12-13-кылымда Англия мамлекетинин борборлоштурулушу, англосаксондордун француз тилинде сүйлөгөн нормандар менен этностук консолидация-биригиши менен коштолгон. 16-17-кылым жаңы англис тили калыптанган. 17-кылымда англиялык буржуазиялык революциянын натыйжасында, англичан улутунун калыптануу процесси аяктаган. 1719-кылымда Англиянын колониялык саясатынын жүрүшүндө Англичандар Түндүк Америкага, Австралияга, Жаңы Зеландияга, Түштүк Африкага жер которушуп, ал жердеги жергиликтүү элдер жана эмигранттар менен аралашып, англис тилдүү жаңы элдер - АКШнын америкалыктары, англоканадалыктар, австралиялыктар, жаңы зеландиялыктар жана башкалар пайда болгон. 20-кылымда англичандардын кайрадан мекенине кайтуу процесси башталган. Учурда англичандардын көпчүлүгү шаарда турушат (90 %тен ашыгы). Англичандар кеңири пайдаланган англис костюму (кийин европалыктарга кеңири тараган) бул жерде 19-кылымда пайда болгон. Бүгүнкү күндө королдук гвардиянын, парламенттин, соттун айрым өкүлдөрүнүн кийимдеринде орто кылымдардагы кийимдердин айрым элементтери кездешет. Негизинен эт азыктары: ростбиф, бифштекс, бекон жана башка, ошондой эле балыктан жасалган тамактар кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1