"Америкалык көзгө атар" (англ. American Sniper, орус. Снайпер) 2014-жылы тартылган Американын биографиялык согуш драмасы. Режиссёру Клинт Иствуд, сценарийин жазган Жейсон Холл. Тасма Крис Кайл, Скотт Макевен жана Жим Дефелис тарабынан 2012-жылы жазылган "Америкалык көзгө атар: АКШнын аскер тарыхындагы эң көп өлтүргөн көзгө атардын автобиографиясы" аттуу мемуарына үстүртөн негизделип экрандаштырылган. Тасма АКШнын аскер тарыхында эң көп адам өлтүргөн Кайлдын окуясына көрүүчүлөрдү жетелейт. Ал Ирак согушуна төрт жолу барып, 255 кишини атып өлтүргөн болсо, алардын ичинен 160ы АКШнын Коргоо департаментинин расмий буйругу менен өлтүрүлгөн. Кайл жараткан аскердик ийгиликтери үчүн сыйга татып баркталганы менен анын кылган иштери жеке жана үй-бүлөлүк жашоосуна өтө чоң терс таасирин тийгизген. Тасманын продюсерлери: Иствуд, Роберт Лоренц, Эндрю Лазар, Брэдли Купер жана Питер Морган. Брэдли Купер Кайлдын ролун, Сиенна Миллер Кайлдын жубайы Таянын ролун ойношкон. Андан тышкары Лук Граймс, Жэйк Макдорман, Кори Хардрикт, Кевин Лаз, Навид Негабан жана Кайр Одонелл коштоочу экинчи пландагы ролдорду жаратышкан.

Тасма көбүнесе киносынчылардын оң баасына татыган. Кинофильмде ирак согушу менен Крис Кайлдын чагылдырылышы айрым карама-каршылыктарга жол ачкан болсо да сынчылар Купердин башкы ролду жакшы аткарганына жана Иствуддун режиссёрлугуна жакшы баасын беришкен. 87-Оскар сыйлыгына "Эң мыкты тасма", "Мыкты ылайыкташтырылган сценарий" жана "Эң мыкты эркек актёр" (Купер) менен катар алты номинация боюнча көрсөтүлүп, "Эң мыкты музыкалык монтаж" наамын утуп алган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү