Америка мамлекеттеринин Уюму

Америка мамлекеттеринин Уюму - Америка континентиндеги мамлекеттердин ортосунда 1890-жылдан баштап конференциялар уюштурулууда жана континенталдык проблемалар талкууга алынууда.

1948-жылы Боготада (Колумбия) болуп өткөн 9-конференцияда бул континенттеги түрлүү мекемелердин иштерин уюмдаштыруу жана координациялоо тууралуу чечим кабыл алынды. Ушинтип «Америка мамлекеттеринин Уюму» түзүлдү. Мындан мурда 1890-жылы болуп өткөн 1-конференциядан кийин «Панамерика Биримдиги» курулган болчу. Бирок ОАС (Organization of American States) жүргүзгөн иштери боюнча бул уюмдан да таасирдүүрөөк болуп саналат.

Бул уюмга 22 өлкө мүчө болуп эсептелет. Алар: Аргентина, Барбарос, Боливия, Бразилия, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Доминик өлкөсү, Эквадор, Гуватемала, Гаити, Гондурас, Мексика, Никарагуа, Панама, Парагвай, Перу, Сальвадор, Тринитад жана Тобаго, Уругвай, АКШ жана Венесуэла. Мурун Куба да бул уюмга мүчө болгон, бирок кийинчерээк чыгарып салышкан.

Бул уюмдун уставы бар. Уставка ылайык, уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы пикир келишпестиктер тынчтык жолу менен чечилет. Бул өңдүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн ортомчу дайындалып, сотко кайрылышат же болбосо келишпөөчүлүктөр Гаага Эл аралык сотунда каралат. Мындан башка көптөгөн, ар түрдүү проблемаларды чечүү жолдору уставда белгиленген. Уюмдун негизги органдары төмөнкүлөр: Америкалыктардын ортосундагы конференция, Тышкы иштер министрликтеринин кеңешме жыйындары, Кеңеш, Панамерика Биримдиги, Адистештирилген конференциялар жана Адистештирилген уюмдар. Мындан тышкары Коопсуздук Кызматы боюнча Кеңешме Комитети аттуу дагы бир орган белгилүү. Уюмдун жана уставдын болушуна карабастан, мүчө өлкөлөрдүн кээ бирлеринин ортосунда келишпөөчүлүктөр жана араздашуулар болууда. Мындан тышкары алардын ортосунда чечилүүгө тийиш болгон көйгөйлүү маселелер жаралууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9