Америка мамлекеттеринин уюму
Америка мамлекеттеринин уюму (АМУ (OAS); исп. Organización de los estados americanos, англ. Organization of American states, фр. Organisation des États américains, порт. Organização dos Estados Americanos) — 1889-жылы негизделген Панамерикалык бирликтин 1948-жылы 30-апрелинде Колумбиянын борбор шаары Боготада өткөн 9-чу Америка аралык конференцияда түзүлгөн эл аралык уюм.
Америка мамлекеттеринин уюму (АМУ) | |
Organization of American states (OAS) | |
Эмблемасы | |
Мүчөлүк: |
35 мамлекет |
---|---|
Башкы кеңсе: | |
Ырасмый тилдери: | |
Негизделген | |
Башкы кеңсеси Вашингтон шаарында жайгашкан.
Колдонулган тилдери — испан, англис, француз жана португал тилдери.
АМУнун жогорку башкаруу органдары — Башкы ассамблея, Туруктуу кеңеш, Тышкы иштер министрлеринин консультативдик кеңеши, Башкы катчылык.
Мүчө мамлекеттер
түзөтүү- Антигуа жана Барбуда
- Аргентина
- Багам
- Барбадос
- Белиз
- Боливия
- Бразилия
- Венесуэла (2019-жылдын 27-апрелинде чыккан, бирок президент Мадуронун бул чечимин Улуттук ассамблея жокко чыгарган[1])
- Гаити
- Гайана
- Гватемала
- Гондурас
- Гренада
- Доминика
- Доминика Республикасы
- Канада
- Колумбия
- Коста-Рика
- Куба (1962-жылдын 31-январында бул уюмдун курамынан чыгарылган, 2009-жылдын июнунда мүчөлүгү калыбына келтирилген, бирок Куба аны мүчө болуусун улантынуу четке каккан[2])
- Мексика
- Никарагуа (2021-жылдын ноябрында АМУ Никарагуанын ички иштерине кийлигишүүсүнөн улам уюмдан чыкканын жарыялаган[3])
- Панама
- Парагвай
- Перу
- Сальвадор
- Сент-Винсент жана Гренадиндер
- Сент-Китс жана Невис
- Сент-Люсия
- АКШ
- Суринам
- Тринидад жана Тобаго
- Уругвай
- Чили
- Эквадор
- Жамайка