Америка мамлекеттер уюму

Америка мамлекеттер уюму (ОАГ, OAS) (Organization de los estados americanos, англ. Organization of American states, фр. Organisation des Etatsamericains, порт. Organizasao dos Estados Americanos) - 1948-ж. 30-апрелде Панамерикалык союздун базасында Боготадагы (Колумбия) 9-Америка аралык конференцияда түзүлгөн эл аралык уюм.

Штаб-квартирасы Вашингтондо жайгашкан.

Иштөө тили - испан, англ., фран. жана Португалия тилдери. Жогорку органы - Генералдык ассамблея, Туруктуу кеңеш, тышкы иштер министрлеринин Консультативдик жыйыны, Башкы катчылык. Уюм андагы мүчө-өлкөлөрүнүн ортосундагы тынчтыкка жетишүү максатында түзүлгөн. Уставдын 1-беренесинде каралгандай: тынчтыкты жана адилеттүүлүктү колдоо, тилектештикке түрткү берүү, кызматташтыкты бекемдөө жана өзүнүн эгемендигин, территориялык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоо. Бүгүнкү күндө АМУ Түндүк жана Түштүк Американын бардык 35 көз карандысыз мамлекетин бириктирет жана жарым шардагы негизги саясий, юридикалык жана социалдык күч болуп саналат. Уюм өзүнүн максаттарынын эффективдүү ишке ашышы үчүн 4 багытты колдонот: демократия, адам укугу, коопсуздук жана өнүгүү. Мүчө-өлкөлөрү - Антигуа жана Барбуда, Аргентина, Багам аралдары, Барбадос, Белиз, Боливия, [[Бразилия], Венесуэла, Гаити, Гайана, Гватемала, Гондурас, Гренада, Доминика, Доминикана Республикасы, Канада, Колумбия, Коста-Рика, Куба, Мексика, Никарагуа,Панама, Парагвай, Перу, Сальвадор, Сент-Вин-сент жана Гренадина, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, АКШ, Суринам, Тринидад жана Тобаго, Уругвай, Чили, Эквадор, Ямайка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8