Португалия
Португал (порт. Portugal), расмий аты – Португал Республикасы (порт. República Portuguesa) – Европанын эң четки түштүк-батышындагы мамлекет. Пиреней жарым аралынын батышын, Азор жана Мадейра аралын ээлейт. Чыгышынан жана түндүгүнөн Испания менен чектешет. Батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 92,1 миң км2. Калкы 11,0 млн (2011). Борбору – Лиссабон шаары. Административдик-аймактык жактан 18 округга, 2 автономия регионго бөлүнөт. Акча бирдиги – евро.
Португал Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «A Portuguesa» | |||||
![]() Португал дүйнөлүк картасында
| |||||
Эгемендүүлүк күнү | 1-бештин айы 1640-ж. (Португал кыралдыгы катары)
( Испания менен бирликтен) | ||||
Расмий тили | португалча | ||||
Борбор шаары | Лиссабон | ||||
Ири шаарлар | Лиссабон, Порту | ||||
Башкаруу формасы | парламенттик республика | ||||
Президент | Марселу Ребелу ди Соза | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
109 - дүйнөдө 92 225,61[1] км² 0,5 | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы |
10 347 892[2] адам 111 ад./км² | ||||
Этнохороним | португал, португалдар | ||||
Акча бирдиги | евро | ||||
Домени | .pt | ||||
ISO коду | PT | ||||
ЭОК коду | POR | ||||
Телефон коду | +351 |
Португалия – НАТОнун (1949), ББУнун (1955), Европа союзунун (ЕС) (1986) мүчөсү. Административдик-аймактык бөлүнүшү (2011)
Мамлекеттик түзүлүшүОңдоо
Португал – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Республикалык чогулуш. Аткаруу бийлигин премьер-министр башында турган өкмөт (Министрлер төрагалары) жүзөгө ашырат. Португалда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары – Социалисттик партия (солчул центристтик), Португал социал-демократиялык партия (оңчул центристтик), Португал коммунисттик партиясы ж. б.
ТабиятыОңдоо
Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө бийиктиги 1000–1200 м келген Месета бөксө тоосунун (эң бийик жери 1993 м, Серра-да-Эштрела чокусу) чет-жакасы, Тежу дарыясынан түштүгүрөөк Португал түздүгү, эң түштүгүндө Серра-да-Алгаври бөксө тоосу жатат. Кен байлыктарынан вольфрам, калай, пирит, жез, темир, уран ж. б. казылып алынат. Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик. Январдын орточо температурасы 5–10°С, июлдуку 20–27°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрүндө 400 ммден 800 ммге чейин, тоолорунда 1000–2500 мм.
Ири дарыялары: Дору (Дуэро), Тежу (Тахо), Гвадиана. Өсүмдүктөрү жер ортолук деңиздик типте (маквис, эмен, көк карагай ж. б.), тоолорунда шалбаа жана бадалдар өсөт. Пенеда-Жереш улуттук паркы, бир нече резерваттар уюштурулган.
КалкыОңдоо
Элинин көпчүлүгү – португалдар. Мамлекеттик тили – португал тили. Дини католицизм. Протестанттар да бар. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 72 жаш, аялдарыныкы – 79. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 11,7), өлүм-житим төмөн (1000ге 9,6; жаш балдардыкы 1000ге 9,1). Шаар калкы 59%. Ири шаарлары: Лиссабон, Порту.
ТарыхыОңдоо
Биздин заманга чейинки 4–3-кылымда Португал аймагын лузитандар (иберий уруулары) мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-кылымда Португал Рим империясына, биздин замандын 5–6-кылымынын 2-жарымында вандалдар жана вестготторго, 713-718-жылдары арабдарга баш ийген. Реконкистанын жүрүшүндө 1095-жылы Португал графтыгы, 1139-жылы (расмий түрдө 1143-жылы) көз каранды эмес Португал королдугу түзүлгөн. Король Альфонсо I бийликке келип, маврларга каршы согуш жүргүзгөн. 15-кылымда өлкөнү Авише династиясы башкарып, Португал ири колониялык державага айланган. Анын колониялары: Ангола, Гвинея (Бисау), Мозамбик, Сан-Томе, Африкадагы Жашыл Тумшук жана Принсипи, ошондой эле Макао жана Азиядагы Тимор аралынын чыгыш бөлүгү. 15-кылымда Португалдын түштүгүндөгү Сагриш шаарында португалиялык деңизде сүзүүчүлөрдүн (Диаш, Васко да Гама, Кабрал ж. б.) мектеби ачылган. 1581–1640-жылдары Испаниянын бийлиги астында. 18-кылымдын башында Португал Улуу Британияга саясий жана экономикалык жактан көз каранды болгон. 1807-жылы Португалды Наполеон Iнин армиясы басып алган, бирок 1808-жылы португалдык патриоттордун колдоосу менен англиялык аскерлер наполеончуларды өлкөдөн кууп чыккан. 19-кылымдын 2-жарымында Португалда республика жана социалисттик кыймылдар пайда болгон. 20-кылымдын башында өлкөдө республика кыймыл күч алып, 1910-жылы Португал төңкөрүшүнөн кийин Португал Республика болуп жарыяланган. 1-дүйнөлүк согушка Антанта тарабында катышкан, 2-дүйнөлүк согушта бейтараптыкты сактаган. 1926-жылы мамлекеттик төңкөрүш болуп, аскер диктатурасы орногон. 1932-жылы Антониу Салазар бийликке келип, өлкөдө фашисттик режим өкүм сүргөн. 1974-жылы 25-апрелде генерал Спинол башында турган жаш офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш («Апрель же Жоогазын төңкөрүшү» аталган) уюштуруп, фашисттик өкмөттү кулаткан. Өлкөдө демократиялык ыслаттар жүргүзүлүп, социалдык жана саясий кайра куруулар ишке ашкан. Португал колонияларына көз каранды эместик берген. 1976-жылы Португалдын жаңы конституциясы кабыл алынып, 1986-жылы Португал Жалпы рынокко кирген.
ЭкономикасыОңдоо
Португал – экономикасы орточо өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 233,4 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 21,8 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 72,8, өнөр жайдыкы 24,4, айыл чарбасыныкы 2,8. Түстүү металл [литий, вольфрам (дүйнөдө 7-орунда), калай (10-), жез, цинк (ЕБдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен 1-)] казылып алынат. 2007-жылы 44,5 млрд кВт.с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Тамак-аш (балык консервалары, зайтун майы, жашылча-жемиш жана сүт азыктары даярдалат, суусундуктар, тамеки), түстүү металлургия, текстиль, машина куруу, металл иштетүү (кеме куруу, оңдоо жана аларды тейлөө, самолёт, темир жолдун кыймылдуу бөлүгүн, автомобиль чогултуу жана комплекттөө ж. б.), целлюлоза-кагаз, полиграфия, нефть ажыратуу, химия (синтездик каучук, пластмасса, жасалма була, жер семирткич), тигүү, бут кийим өнөр жай ишканалары иштейт. Карапа буюмдар жасалат. Жемиш (алмурут, киви, кайналы ж. б.), жашылча (картөшкө, помидор, сабиз ж. б.), зайтун дарагы, цитрус өсүмдүктөрү, тамеки жана дан эгиндери өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, шарап кайнатуу өнүккөн. Сүт-эт багытындагы бодо мал, кой асыралат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 82,9, темир жолунуку 2,8. Ири порттору: Синиш, Лиссабон, Лейшойнш (Матозиньюш шаарына жакын). Экспортко машина продукцияларын, кийим-кечек, бут кийим, металл, химикаттар, кагаз, сигарета, шарап жана зайтун майы чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Испания, Германия, Франция, Италия, Улуу Британия жана Нидерланд.
Билим берүүсүОңдоо
Португалда мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Мамлекеттик жа менчик мектептер, ошондой эле жогорку окуу жайлары бар. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 88%ти түзөт (2012). Коимбр (1290), Лиссабон (1288), Порту (1911). Улуттук консерваториясы (1942) ири окуу жайлары, илимий мекемелери, китепканалары, музейлери бар, «Жорнал де Нотиснаш» (1888), «Коррейю да манья» (1979), «Эшпрессу» (1973), «Публику» (1990), «Визау» (1993), «Сабаду» (2004), «Сол» (2006), «И» (2009) ж. б. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруу 1953-жылдан, телекөрсөтүү 1974-жылдан, маалымат агенттиги 1975-жылдан иштейт.
АдабиятыОңдоо
Португал адабиятынын алгачкы үлгүлөрү – А. Жиралдиштин (14-кылым) испан-португал аскерлеринин арабдарды жеңгендиги жөнүндөгү баатырдык поэмасы жана элдик лирикалык ырлар: косант, романс ж. б. 16-кылымдын ортосунда экономикадагы жана саясаттагы кризистен улам Португалия адабиятынын кедери кетип, адабиятта мистикалык маанай өкүм сүргөн. 18-кылымдын ортосунда португал адабиятына кире баштаган агартуу идеялары Лиссабон Аркадиясы, Жаңы Аркадия ж. б. адабий ийрим мүчөлөрүнүн чыгармаларында чагылдырылган. Португал адабиятында 19-кылымдын 20-жылдарында романтизм гүлдөгөн. Ага «Камоэнс» (1852), «Дона Бранка» (1826) патриоттук поэмаларынын, «Ауту Жила Висенте» (1838) тарыхый драмасынын автору Ж. Б. Алмейда-Гаррет негиз салган. 19-кылымдын ортосунда Португал адабиятында жаңы багытка кызыгуу күч алган. Романтизмди жактагандарга каршы чыгып, реалисттик метод үчүн күрөшкөн Ж. Диниш, С. Верди, Ж. М. Эса ди Кейруш өңдүү жазуучулар чыккан. 20-кылымда адабиятта декадентчил багыт (Ф. Песоа, М. ди Са-Карнейру), 20-кылымдын ортосунан модернисттерге каршы күрөштө неореалист жазуучулар тобу пайда болгон (Ж. Редол, С. Перейра Гомиш, Ф. Намор ж. б.). Палеолит доорунан Кантабрия (Испания) жана Аквитаниянын (Франция) байыркы искусствосуна окшош аска беттериндеги жазуулар, неолит доорунан дольмендер, карапа идиштер, антропоморфтук фигуралар сакталган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта лузитан уруулары тегереги бекемделген коргондорду курушкан. 12-кылымда ал коргондор шаарга айланган. Көп сандаган басып алуучулар Португал архитектурасынын жергиликтүү таш зодчийлигине өз үлүшүн кошушкан. Мисалы, римдиктерден Эворадагы Диана храмы (биздин заманга чейинки 2–3-кылым) ж. б. имараттар, вестготтордон базиликалар, арабдардан үстү жалпак сокмо тамдар калган. 12–14-кылымда архитектурада роман, готика стилиндеги монастрлар, соборлор, храмдар курулган. Кийин ал улуттук «мануэлино» (король Мануэл 1нин тушунда, 1495–1521) стили менен алмашылган. 17–18-кылымда шаар куруу иши жанданып, үйлөр пландуу түрдө салынган. Накта шаар куруу 2-дүйнөлүк согуштан кийин башталган. Бүгүнкү Португалда дүйнөдөгү эң белгилүү Escolo do Porto («Порту мектеби») деген архитектура мектеби бар. Сүрөт искусствосунда 17–18-кылымда барокколук тенденциядагы монументтик жыгач жана таш скульптура (Ж. Машаду ди Каштру, А. Феррейра) өнүккөн. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Португалдын сүрөт искусствосунда реалисттик багыт (А. Саариж душ Рейштин скульптурасы, A. К. да Сильва Порту менен Ж. М. да Силва Оливейранын пейзаждары жана жанрдык композициялары) пайда болгон. Музыкасы испан музыкасына окшош, башаты бир болгондуктан, байыртан салттуу байлыгы жана ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Аспаптык жанрга караганда, ыр-бий кеңири өнүккөн. Ырдын өтө белгилүү формасы – фаду (гитара менен коштолгон жеке ыр), кеңири таралган бийи – вира. Эл аспаптары: гитара, виола, кавакинью (кылдуу), гойта, волынка (үйлөмө), забумба, тамборил (урма), пандейру, адуфи (сыбызгы). 20-кылымдагы белгилүү композиторлору: Ж. Виана да Мота, О. да Сильва, Л. Ли Фрейташ Бранку, К. Карнейру, Ф. Лопиш Граса ж. б. музыкалык турмуштун борбору – Лиссабон. Анда «Сан-Карлуш» опера театры (1793-жылы негизделген), Улуттук консерватория (1835), музыкалык академия, бир нече симфониялык оркестр, музыкалык коомдор бар. Улуттук театрдын негиздөөчүсү – драматург, актёр, композитор Ж. Висенте болгон. 19-кылымдын 20–30-жылдарында улуттук театрдын жогорулашы Ж. Б. Алмейда-Гарреттин пьесаларынын коюлушу, романтикалык багыттын орношу менен байланыштуу. Анын демилгеси боюнча Лиссабондо драма искусство консерваториясы уюшулган, королева Мария Пнин Улуттук театры ачылган (1846). 20-кылымдын биринчи жарымында театр ар кандай модернисттик агымдардын таасиринде болгон. Жаңы муундун драматургдары В. С. Монтейру, Б. Сантарену, Л. Ф. Ребелу, К. Феррейра А. Редола ж. б. авторлордун пьесаларынан ошол таасир байкалган. 1896-жылдан кино тартыла баштаган. «Португал-фильм» фирмасы түзүлгөндөн кийин (1909) кино өндүрүшү өрүш алган.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
- ↑ Instituto Nacional de Estatística(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 26 -июль (теке) 2019.
- ↑ Instituto Nacional de Estatística. Censos 2021, Resultados preliminares(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).