Амир Диаб ― Дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу ырчы болоору маңдайына жазылган Амир Диаб (толук аты ­Амр Абд-Албасет Абд-Алазиз Диаб) 1961-жылдын 11-октябрында Египеттин Порт-Саид шаарында жарык дүйнөгө келген. Кенедейинен эле анын ырчылыкка шыктуу экени билине баштайт. Анын талантын байкагандар Амрди Египеттин мамлекеттик радиолорунун биринде ырдатышкан. Алгач эл алдына жөнөкөй ырлардан ырдап чыкпастан, “Biladi Biladi” деп аталган Египеттин гимнин аткарып бергени менен кичинекей ырчы дароо эле калайыктын көңүлүн өзүнө бурган экен. 1967-жылдын 23-июну – ырчынын келечегин аныктаган маанилүү күн. Себеби, Порт-Саид шаарында өткөн музыкалык фестивалда Амрге эң биринчи сыйлык тапшырылган: шаардын губернатору кичинекей жылдызга өз колу менен гитара белек кылган. Ошондо Амр Диаб болгону 6 жашта эле. Амр Диабдын атасы – Абдул Бассет Диаб. Ал убагындаСуец Каналы Корпорациясынын кеме куруу бөлүмүнүн төрагасынын кызматын ээлеп турчу. Ал да жагымдуу үнгө ээ болгон, бирок, жаш кезинде ырчылык кесип жөнүндө ойлонууга убактысы да, мүмкүнчүлүгү да болгон эмес. Балким, ошол себептен уулунун атактуу ырчы болушун самап, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Амир Диаб