Аммоний сульфаты (NH4)2SO4 – күкүрт к-тасынын аммоний тузу. Түссүз кристалл. Тыгызд. 1,77-г/см3. Пайда болуу жылуулугу DHO298=-281,86 ккал/моль. А.с. 513оС чейин ысытууда толугу менен NH3 жана H2SO4 ажырайт. Сууда жакшы эрийт. А. с. аммиак суусунда эригичтик касиети суюк жер семирткичтерди даярдоодо колдонулат. Өнөр жайларда негизинен күкүрт к-тасына аммиакты таасир кылуудан алынып, жер семирткич катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү