Аммонификацияазоттуу органикалык кошулмалардын аммиакка чейин ажыроосу. Ал аэробдук жана анаэробдук микроорганизмдердин (бактериялар, актиномицеттер жана козу карындар) катытуусунда протеолит ферменттин таасири менен жүрөт. Бул процесс бардык топуракта, чөйрөнүн ар кандай реакциясында, абада жана абасыз да болот. Бирок өтө кычкыл же жегичтүү чөйрөдө, анаэробдук шартта өтө жай болуп, анын ылдамдыгына топурак температурасы, нымдуулугу ж. б. факторлор таасир этет. Анаэробдук шартта азоттуу органикалык заттар аммиакка чейин ажырайт. Аэробдук шартта аммоний туздары нитраттарга чейин кычкылданат. Мында өсүмдүк азотту кыйындык менен сиңүүчү аммоний, аммиак түрүндө сиңирет. Азоттун табиятта айлануусунда жана өсүмдүктөрдү азоттун сиңимдүү түрү менен камсыз кылууда анын мааниси зор.

Колдонулган адабияттар түзөтүү