Аналитикалык философия – 20-кылымдагы ар түркүн топторду, өзүнчө философтордун багыттарын бириктирүүчү кеңири жана ар түрлүү агым.

Бул агым философиянын милдети тил анализинде көйгөйлөрдү мазмунун түшүндүрүүнү карайт. Аналитикалык философия негизинен АКШда жана Англияда кеңири тараган жана анын өзүнчө топтору жана өкүлдөрү Скандинавия өлкөлөрүндө, Австралияда ж. б. өлкөлөрдө бар. Англияда Аналитикалык философиянын үстөмдүк кылуучу формасы болуп лингвистикалык философия эсептелген. АКШда Аналитикалык философия лингвистикалык философияга жакын болгон философтордун катарында логикалык эмпиризмдин жактоочулары (Карнап Г, Фейгль ж. б.) жана неопраматизм тарабынан сунуш кылынган (В. Куайн, Н. Гудман, М. Уайт). Аналитикалык философиянын көпчүлүк жактоочулары үчүн оордук борборун конкреттүү формаларга жана тилдик анализдин каражаттарына көчүрүү мүнөздүү.

Бул жерден 2 негизги ыкманы бөлүп көрсөтүүгө болот:

  1. «Моделдик» «Жасалма» тилдерди логикалык эмпиризм, неопрагматизм, бир катар көз карандысыз аналитиктер менен конструкциялаштыруу. Бул изилдөөлөр азыркы кездеги формалдык логикага таянышат.
  2. табигый тилдердин тарыхый маалыматтарын тилдик айтылыштардын өзгөчөлүктөрүн жана түр-лөрүн ачып көрсөтүү максатын изилдөө.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү