Лингвистикалык философия
лингвистикалык философия – лингвистикалык анализдөөнүн философиясы, б. а. аналитикалык философия. Бул агым 1930-ж. Улуу Британияда өнүккөн. Негизги өкүлдөрү болуп Г. Райл, Дж. Уисдом, П. Страсон, Дж. Остин эсептелет. АКШда белгилүүсү (М. Блэк, Н. Малькольм) ж. б. Лингвистикалык Философия идеалык булактары Мурдун “чың маанилүү” (“Здравого смысла”) философиясы жана кийинки Витгенштейндин көз караштары болгон. Лингвистикалык Философия неопозитивизмдин мектептеринин бири болгондуктан философиянын дүйнөө тааным мүнөзүн жерийт жана салттык философиялык проблемаларды тилди ой жүгүртүүлөргө терс ориентир катары таасир тийгизген жалган проблемалары деп эсептешет. Лингвистикалык Философия – логикалык анализ философиясынын өкүлдөрүнүн милдети тилди айрым логикалык нормага дал келгендей реформалабастан, факитический колдонулуучу табигый сүйлөмө тилди деталдарына чейин анализдөө зарыл. Мында туура эмес колдонуучулуктан келип чыккан түшүнбөстүктөрдөн арылат.
Колдонулган адабияттар
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8