Аналхак (Ана-л-Хакк)санжыра боюнча, кыргыз элинин тек башатынын бири.

Аналхактын кыргыз генеологиясына киргизилиши Сайф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-Таварих» (16-кылым) кол жазмасына байланыштуу. Бул эмгекте кыргыздарда «Ак уул» жана «Куу уул» болуп, башкача айтканда «оң канат» жана «сол канатка» бөлүнүшүндө Аналхак алардын баш бабаларынын бири катары көрсөтүлөт. Санжыранын көпчүлүгүндө Аналхак кыргыз элинин түпкү атасы деп аталып, кээде ал аталыш - Аналак же Маналак түрүндө айтылат. Осмонаалы Сыдык уулунун «Муктасар тарых-и Кыргызийа» (1913) жана «Тарих-и Кыргыз Шадмания» (1914) эмгектеринде: «Кыргыздан Сафар шаа, андан Алхак; андан Рашидилха; андан - Аналхак. Бул ысымдар арабдар менен жакын турганда коюлган», - деп Аналхак аталышынын кайдан чыккандыгын тактайт. Чыгыштаануу илим изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй Аналхак сопучулукта пайда болгон түшүнүк деп саналат жана ал түп нускасында «Ана-л-Хакк» - деп айтылып, ал «Мен Хакмын (Акыйкатмын)» дегенди билдирет. Мындай түшүнүктү 9-10 кылымда жашаган айтылуу сопу шайык Мансур ал-Халладж айткан жана анын 9-кылымдын соңунда дават менен Чыгыш Түркстанга келип кеткендиги белгилүү. Балким, кыргыздардын шайык Мансур ал Халладж менен жолугушуу жана алардын бир бөлүгүнүн ислам динине кириши, сопу шайыктын 9-кылымдын соңунда Чыгыш Түркстанга келген маалында болушу мүмкүн. Тарыхый булактарга ылайык, кыргыздар 9-кылымдын орто ченинде Уйгур кагандыгын басып алгандан кийин, алардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстанга жер которушкан жана Аналхакты баба башатына киргизилиши ушул мезгилде жүрсө керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1