Сыдык уулу Осмонаалы

Осмонаалы Сыдыков‎»‎ барагынан багытталды)

Сыдык уулу Осмонаалы - кыргыз элинин эң биринчи тарыхчы-окумуштуусу. Ал 1875-жылы Пишпек аземинде, Темирболот айылында (азыркы Кочкор району, Чолпон аймагы) туулган. Өз атасы Кыдык, бирок белгисиз, аныкталбаган себептер менен Сыдык болуп келген. Осмонаалыдун бала кезинде эле энеси каза болуп, чоң атасынын колунда өсүп келген. Чоң атасынын колунда жүргөндө инсан билимди жакшы ала алган эмес жана бул алган сабактары аны канаттандырган эмес. Ошондуктан, кийинчирээк бир ажуман идалбеп

Сыдык уулу Осмонаалы
Туулган датасы:

1875 жыл(1875)

Туулган жери:

Пишпек аземинде, Темирболот айылында

Өлгөн датасы:

1942 жыл(1942)

Өлгөн жери:

Текес, Шинжаң-Уйгур автоном району

Кыскача өмүр

түзөтүү

Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылында туулган.

Анын аталаш агасы Канат дубанга таанымал сабаттуу (молдо) киши болгон. Осмонаалы да өз айылында мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. "Алаш" партиясынын бирдемеси

Бир катар жылдары Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Совет доорунда Пишпектеги (азыркы Бишкек) окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген.

1920-жылдардын акыркы - 30-жылдардын башында Сталиндик куугунтуктоолор доору башталганда Кытайга кетип калган.

Чыгыш Теңир-Тоодо (Текесте) бозгунда жүрүп каза болгон. (Соңку такталган үй-бүлөлүк маалыматтарга караганда, ал 1940-жылы эмес, 1942-жылы кайтыш болгон экен).

1913-жылы Башкортостандын Уфа (Өфө) шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1914-жылы болсо - “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан.

Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби менен кыргызча кайра жарыяланган.

Китептин айрым бөлүктөрүн жазуучу Кеңеш Жусупов айтылуу “Ала-Тоо” журналында жана “Кыргыздар” көп томдук эмгегинде жарыялаган.

Кыргызстандын пост-советтик эгемендик доорунда Осмонаалынын бул китептери кеңири калайыкка таанымал болду.

1930-жылы аны эл душманы катары камакка алышып, бир жылдан кийин, 1931-жылы атууга өкүм чыккан.

Жаза аткарылганга чейин аны Ташкент түрмөсүнө которушкан.

Мына ошол жолдо абактан абакка баратканда, Осмонаалы кайтарып алып бараткан аскер кызматкери менен кармаша кетип, куралчан аскер бычагын пайдаланган. Ошол бычактан экөө тең жаракат алып, кансырап жатышкан. Натыйжада аскер кызматкери курман болгон.

Осмонаалы болсо, ошол жердегилердин жардамы менен (колунун манжалары кесилген) аман калып, андан ары жол улап Жаныбек казыга барып баш калкалап, ал аркылуу Кытайга кирип кеткен.

Ал 1942-жылы Чыгыш Теңир-Тоодо (азыркы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунун аймагында) Текес жергесиндеги кыргыз айылында безгек оорусунан каза болгон.

Эс тутум

түзөтүү

2010-жылдын февралында (бирдин айында) Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканасында "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет" аттуу китеп-көргөзмө уюшулду.

Кыргыздын тунгуч агартуучусу жана тарыхчысы Осмонаалыдун 135 жылдыгына арналган бул китеп көргөзмөгө анын китептери, макалалары, ал жөнүндөгү маалыматтар, тарыхый сүрөттөр коюлган. Иш-чарага кызы Шарифа Осмонаалы кызы, неберелери, жазуучу Мелис Абакиров, Бактыбек Максүтов, "Кыргыз Туусу" гезитинин ошол кездеги башкы редактору, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жалпыга маалымдоо каражаттары, илимий жана маданий кызматкерлер катышты.

 
Бүбүш Осмоналиева, тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (1875-1942) кызы, атасынын сүрөтү менен. Кочкор кыштагы, Нарын облусу, Кыргызстан. 07.8.2014.

2014-жылы 7-августта (баш оонанын 7синде) Нарын облусундагы Кочкор районунун борбору Кочкор кыштагындагы Маданият үйүндө тарыхчы Осмонаалыдун тарых жаатындагы китептеринин жарык көрүшүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Ага кыргызстандык тарыхчы илимпоздор, акын-жазуучулар, коомчулук өкүлдөрү жандуу катышты. Тарыхчынын кызы Бүбүш Осмоналиева бул иш-чараны уюштургандарга терең ыраазычылыгын билдирди.

Ал тууралуу иликтегендер

түзөтүү

Осмонаалы тууралуу кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур, кыргызстандык тарыхчылар Арслан Капай уулу Койчиев, Тынчтыкбек Чоротегин, Мурат Кожобеков, жазуучу, публицист Кеңеш Жусупов жана башка изилдөөчүлөр макалалар жана башка изилдөө эмгектерин жазышты.

Осмонаалы тууралуу кызы Шарифа Садыкова, Бүбүш Осмонаалы кызы калтырган макалалар да маанилүү.

Эмгектери:

түзөтүү
  • Мухтасар тарых-и Кыргызийа (Кыргыздардын кыскача тарыхы) (مختصر تفريخ قرغزيه), Уфа (Өфө): Tоварищества “Каримов, Хусаинов и Ко”, 1913.
  • Тарихи Кыргыз Шадмания (Шабданга багышталган кыргыз тарыхы) (تاريخ قرغز شادمانيئ) Уфа: Электро-типография “Восточная печать”, 1914

Ал тууралуу эмгектер

түзөтүү
  • Садыкова, Шарифа. Сыдыков Осмоналы: (Туулган күнүнүн 130 жылдыгына карата). - Бишкек, 2008. - 84 бет. - ISBN 978-9967-24-873-1.
  • Кожобеков М. Осмонаалы Сыдык уулунун омур баянына айрым тактоолор // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. — Бишкек: Кыргызстан, 1991. — 1-китеп.
  • Бүбүш Осмоналы кызы. “Атамдын өмүр баяны”. - Интернетте Archived 2013-04-11 at the Wayback Machine.
  • Чоротегин Т.К. Зарыктырган эмгек: (Осмоналы Сыдык уулунун эмгеги жөнүндө) // Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт / Түзгөн Кеңеш Жусупов. — Бишкек: Кыргызстан, 1991. — 1-китеп. — Б. 61—67.
  • Чороев Тынчтыкбек. К изучению исторических традиций в местной историографии: (На примере трудов Осмоналы Сыдык уулу) // Исторические чтения: Тезисы докл. и сообщений науч. конф., посвящ. 75-летию член-корр. АН Кирг.ССР проф. Анварбека Хасанова. –– Фрунзе: КирГУ, 1989. –– С.41-43.
  • Джумагулова А. А. Сведения о санжыра кыргызов в трудах Осмонаалы Сыдык уулу // «Ұлы Дала» III-ші халықаралық гуманитарлық ғылымдар форумының материалдары (бірінші бөлім) / Бас редактор Дархан Қуандықұлы Қыдырәлі. – Астана: «Ғылым» баспасы, 2018. –512 бет. – ISBN 978-601-7793-70-1; ISBN 978-601-7793-71-5. – Халықаралық Түркі Академиясы. –– p. 50-57. [1]

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү

Ички шилтемелер

түзөтүү
  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 16 -август (баш оона) 2020. Түп булактан архивделген күнү 14 Апрель 2021.

2.Нурислам,Бекжандын айтуусу боюнча.