Анарбек Бакаев
Өмүр баяны
түзөтүүАнарбек Бакаев (1950 - 1997-жж.) - мыкты чекист, генерал-лейтенант. Анарбек Бакаев 47 жаш курагында түшүнүксүз жагдайда унаа кырсыгына кабылып, дүйнөдөн кайткан. Кезинде Москвада КПСС БКнын аппаратында иштеген. Мекенине кайтып келгенден кийин 1991-жылы Билим берүү министри, көп өтпөй УКМК төрагалыгына шайланат. 1996-жылы Улуттук коопсуздук министри болгон. А. Бакаевдин убагында атайын кызматтар кардиналдуу өзгөрүүлөргө учураган. Маалыматтык-аналитикалык жана инспектордук-юридикалык бөлүмдөр ачылган. 1993-жылы өзү уюштурган жаш кадрларды даярдоочу база азыр генералдын ысымын алып жүрөт.
Колдонулган адабият
түзөтүүБул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|