Анаров Айтбай (1904-жылы азыркы Араван району, Ачы кыштагы - 1989) — колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. 1940-жылдан КПСС мүчөсү. 1930-жылы колхозго мүчө болуп кирген. 1936-жылыга чейин «Ачы», «Комсомол» колхоздорунун председателинин орун басары, 1936-жылдан Араван районундагы «Коммунизм» колхозунун председатели. Ал жетектеген колхоз алдыңкы чарбага айланып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү артып, малдын саны көбөйүп, кунардуулугу жогорулаган.

Сыйлыктары түзөтүү

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М."Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.