Анатаз (грекче anatasis - созуу), октаэдрит титан кош кычкылынын (TiO2) жаратылыштагы үч полиморфтук модификациясынын бири; минерал. Тетрагон сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5- 6,0°С. С. салмагы 3,82-3,95. Өңү кара көк, кара күрөң, сары, алмаз сымал жалтырайт. 620-650°С темпрага чейин ысытса, рутилге айланат. Анатаз гидротермдик хрусталдуу тарамдарда, метаморфизмделген тоотектерде, кээде ильмениттин бузулушунан пайда болгон продукт (өнүм) катары жолугат.

Анатаз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1