Англикан чиркөөсү - 16-кылымда пайда болгон протестанттык чиркөө; Улуу Британиядагы мамлекеттик чиркөө. Чиркөөнүн пайда болушуна Рим папасы Климент VII жана англия королу Генрих VIIIнин ортосундагы келишпестиктер негизги себеп болгон. 1527-жылы Генрихтин чиркөөдөн бөлүнүү тууралуу сунушун Рим Папасы четке каккан соң, ага жооп иретинде Англия чиркөөсүнүн Римге баш ийбөөсү тууралуу жарыялаган. Ошол күндөн баштап Англикан чиркөөсүнүн башчысы катары англия монархы эсептелет. Бирок негизинен монарх тарабынан дайындалган жогорку иерарх-архиепископ Кентерберийский иш жүргүзөт. Протестантизмдин башка багыттарына караганда Англикан чиркөөсүнүн ырым-жырымдары жана окуусу католиктик чиркөөгө өтө жакын. Британ Шериктештигине кирген өлкөлөрдө да Англикан чиркөөсү бар. Алар Улуу Британиянын Англикан чиркөөсүнө баш ийбегенине карабастан, 10 жылда бир жолу чиркөө башчылары конференцияга чогулушат. Англикан чиркөөсүнүн жактоочулары «жогорку чиркөө», «төмөнкү чиркөө», «кең чиркөө» болуп бөлүнүшөт. «Жогорку чиркөөнүн» өкүлдөрү Католик чиркөөсүнүн, «төмөнкү чиркөө» протестантизмдин, «кең чиркөө» болсо эки тараптын тең кызыкчылыгын көздөгөн диний жөрөлгөлдөрдү аткарат. Учурда дүйнө жүзүндө 58 млн англиканчылар бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1