Англия-Франция-Израилдин Египетке агрессиясы

Англия-Франция-Израилдин Египетке агрессиясы - Египеттин 1956-жылы 26-июлда Суэц каналын улутташтуруусунан улам келип чыккан. Улуу Британия жана Франция Суэц каналын кайрадан басып алууга, Израиль болсо коңшу араб мамлекеттерин начарлатууга, Египеттин айрым аймактарын каратып алууга умтулган. 1956-жылы 29-октябрда Израиль аскерлери Египет жерине (Синай жарым аралы) басып кирген. 31-октябрда Улуу Британия менен Франциянын куралдуу күчтөрү Египетти бомбалап, 5-ноябрда Порт-Саид шаарынын айланасына десант түшүрүлгөн. Эл аралык коомчулуктун, СССР, АКШ өкмөттөрүнүн талабы менен агрессияны токтотуу, англиялык, франциялык, израилдик куралдуу күчтөрдү Египеттен чыгарып кетүү жөнүндө БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сессияларында (1956-жыл, 2-, 7-, 24-ноябрда) атайын резолюциялар кабыл алынган. Агрессорлор согуш аракеттерин токтотууга (1956-жыл, 7-ноябрь) жана Англия, Франция (22. 12. 1956), Израиль (8. 3. 1957) өз аскерлерин Египеттен чыгарып кетүүгө аргасыз болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1