Англия-орус келишимдери (1873, 1885, 1907) - Улуу Британия менен Орусиянын Тибет, Афганстан жана Иран боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлган. Улуу Британия өкмөтү Германиянын согуштук күч-кубатынын өсүшүнөн жана анын Чыгыштагы басып алууларынын күчөшүнөн чочулап, Орусия, Франция менен дипломатиялык мамилелерин жакшыртуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Орто Азиядагы «буфердик» алкак жөнүндөгү келишим (1873), ушул өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн (1872-жылдын октябры-1873-жылдын январы) натыйжасында түзүлүп, ал боюнча Орусия менен Улуу Британиянын Орто Азиядагы өз таасириндеги жерлерди чектеген жана Афган эмиратынын түндүк чегараларын белгилеген. Афганстандын ээлигиндеги жерлерди чектөө жөнүндөгү келишим 1885-жылы 29-августта (10-сентябрь) Лондондо түзүлүп, 1885-жылы афган кризисин жөнгө салган. Аны толуктаган Афган чегараларын аныктаган протоколго 1887-жылы 10 (22) июлда кол коюлган. Ортоңку Чыгыштагы таасир көрсөтүү чөйрөсүн чектөө жөнүндөгү макулдашуу 1907-жылы 8 (31)-августта түзүлүп, тараптар Тибеттин аймактык бүтүндүгүн жана кол тийбестигин камсыз кылуу, Ирандагы таасир этүү чөйрөлөрүн аныктоо жана Афганстанды Орусиянын таасир этүү чөйрөсүнөн чыгаруу тууралуу макулдашышкан. 1907-жылы марттагы келишим боюнча Иранда Орусиянын, Улуу Британиянын таасириндеги аймактар белгиленген. Бул келишим Антантаны түзүүдө маанилүү этап болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1