Ангора эчкиси — жүн (тыбыт) багытындагы эчки породасы. Түркиянын Ангора (аты ушундан) провинциясында илгертен асыралган. 19-кылымда АКШ, Африка, Австралияга алып келинген. Текесинин салмагы 50-55 кг, эчкиси 3236 кг. Бир эчкиден жылына 90-100 кг сүт саалат. Ангора эчкисинин жүнү ак, жылтылдак, бир кылка, ичкелиги 44-46-сапатта. Жүнүнүн узундугу 25 см. Ангора эчкисинин жүнүнөн сапаттуу кездеме (драп), тукаба, килем, түрдүү трикотаж, терисинен мех жасалат. Ангора эчкиси кылчык жүндүү эчкини аргындаштырууда пайдаланылат. Ангора эчкиси жана аргындары Орто Азияда, Түндүк Кавказда, Казакстанда багылат. Кыргызстанда жергиликтүү эчки менен аргындаштырылган.

Ангора эчкиси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1