Андабеков Сейитказы (1925-ж. т., Ат-Башы району, Кара-Коюн өрөөнү, Кара-Булак кыштоосу) — артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1984); эмгек сиңирген артисти (1964). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

1946-жылдан Нарын облустук музыкалык драма театрында иштейт. 1949-ж. театр жабылып калганына байланыштуу Ысык-Көл облустук драма театрына которулат.
1961-жылдан кайрадан Нарын облустук театрында. Ар кыл пландагы образдарды жарагып, алардагы таасирдүү тереңдикти таап, жөнөкөй жеткиликтүү бере билет.
Аткарган негизги ролдору: Хуан Цуан (Ж. Турусбеков, "Ажал ордуна"), Аккан, Мамалак (К. Жантөшев, "Курманбек", “Шайтан кыз"), Кулан (К. Маликов, "Жаңыл"), Чиновник (Н. Гоголь, "Үйлөнүү"), Чаар солдат (В. Вишневский, "Оптимистик трагедия"), Ташбалта (Г. Гулям, "Ташбалта ашык"), Жарас (М. Ауэзов, "Айман-Чолпон"), Мергенчи Мажит (Б. Өмүралиев, "Жаңырык"), Шүкүр балбан, Байков (Ж. Садыков, "Боз торгой", "Жукеев-Пудовкин"), Чыныбай (Т. Абдумомунов, "Ашырбай"), Бобчинский (Н. Гоголь, "Текшерүүчү"), Токторбай (К. Мамбетакунов, "Үкөй"), Кожо Насирдин (В. В. Соловьев, "Кожо Насирдин"), Глостер (У. Шекспир, "Король Лир"), Сабыр (А. Жакшылыков, "Көкөй кести") жана башка көптөгөн ролдорду аткаруу менен бирге элге жагымдуу чоң-чоң концерттерди берип келет.

"Кыздарай", "Кылпылдама", "Сулуу кыз", "Акежан", “Беккара", "Там башында", "Карылардын дуэти" жана башка тамашалуу ырларды К. Карасартова менен бирдикте аткарат. Ыр-бий дуэттерин чебер аткарып, кыргыз, казак, уйгур, өзбек элдеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана медалдар менен сыйланган.

I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, III даражадагы «Манас» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Кыргыз Эл артисти, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сейитказы Андабековдун чыгармачылык концерти өткөрүлдү(жеткиликсиз шилтеме)