Анкер (нем. Anker) — кээ бир өлкөлөрдө шарап, коньяк жана майды өлчө үчүн колдонулган чен бирдиги.

Ар кайсы өлкөлөрдө анкердин көлөмү ар түрдүү:

  • Улуу Британияда : 1 эски анкр ≈ 34,0678 л ; 1 жаңы анкер ≈ 45,43582 л;
  • Данияда: 37,44 литр (= 38 3/4 Потт);
  • Нидерландыда жана анын колонияларында: 1 амстердамдык анкер ≈ 38,81 литр. (= 2 Steekan = 16 Stoop = 32 Mengel = 64 Pint = 128 Mustje);
  • Пруссияда: 35,72-39,69 литр, башка маалыматтар боюнча = 34,351 литр. = 30 кварт = 1/2 пруссия чакасы;
  • Орусияда: 36,89 литр (= 30 кружка = 3 чака );
  • Финляндияда: 39,26 л;
  • Швецияда: 34,39 л (= 15 Kannen);
  • Түштүк Африка Биримдигинде: 34,07685 литр.

Булактар түзөтүү

  • Анкер. 86 т. (82 т. 4 кошумчалар) Анкер // Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона 1890-1907 Санкт-Петербург.