Анклав (фр. enclave , лат. inclavo – кулпу салып бекитем) ― бөлөк же бир нече мамлекеттин кургак жер аймагы менен толук курчалган бир өлкө аймагынын бөлүгү. Аңкылаптын болушу ага бөлөк өлкө аймагы аркылуу баруу укугу, ошондой эле башка зарыл маселелерге байланышкан белгилүү бир эларалык-укуктук мамилелердин жаралуусун шарттайт. Мындай маселелер кызыкдар өлкөлөрдүн өзара келишиминин негизинде чечилет[1].

С – В өлкөсү үчүн эксклав жана А өлкөсү үчүн анклав
С – В өлкөсүнүн эксклавы, А жана Д өлкөлөрүнүн аймагы менен курчалган жана алар үчүн анклав эмес.

Булактар түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7