Анналчылар - жыл сайын болгон окуяларды баяндап жазуучу байыркы рим тарыхчылары. Анналчылардын чыгармалары патриоттук багытта жазылгандыгы менен айырмаланган. Алар улуу (биздин заманга чейинки 3-2-кылымдын 1-жарымы), ортончу (биздин заманга чейинки 2-кылымдын 2-жарымы) жана кенже (биздин заманга чейинки 1-кылымдын 1-жарымы) болуп бөлүнөт. Улуу анналчылар анналдарды, фасталарды, үй-бүлө хроникаларын, өз көзү менен көргөн кишилердин айтып бергендерин жана өз байкоолорун пайдаланышкандыктан, жазгандары чындыкка жакын болгон. Алар негизинен грек тилинде жазышкан. Улуу анналчылардан Квинт Фабий Пиктор, Л. Цинций Алимент, М. Порций Катон Старший жана башкалар өзгөчө белгилүү. Ортончу анналчылар улуулар пайдаланган булактардан эле пайдаланышкан, бирок баяндоолорун кызыктуу, күлкүлүү окуяларды кошуу (Л. Кассий Гемина), мифтерди түшүндүрүү аракеттери менен (Л. Кальпурний Пизон) күчөтүшкөн. Кенже анналчыларга Клавдий Квадирагарий, Валерий Анциат, Элий Туберон жана башкалар кирет. Ортончу жана кенже анналчылар латын тилинде жазышкан. Анналчылардын чыгармалары бизге чейин келип жеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1