Аннобондуктар
Аннобондуктар (өз аталышы амбо) — Экваториалдык Гвинеянын креолдук этносу. Аннобон (Пагалау) аралынын негизги калкы.
Саны 2 миң адам (2004-жыл).
Аннобондуктар | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 2 миң адам (2004ж.) | |
Тили | |
Дини |
католиктер |
Расалык тиби | |
Тууган элдер | |
Келип чыгышы |
бантулар, европалыктар |
Тил
түзөтүүАннобон тилинде сүйлөшөт. Ошондой эле испан жана португал тилдерин колдонушат.
Ишенимдер
түзөтүүИшенгендердин басымдуу көпчүлүгү католиктер.
Келип чыгышы
түзөтүүXVII-XVIII кылымдарда португалдар плантацияларда иштөө үчүн аралга африкалык кулдарды алып келген. Кулдар банту элдеринен болгон. Алардын өз ара жана европалыктар (португалдар, ошондой эле француздар жана голланддар) менен аралашуусунун натыйжасында өзүнчө этнос пайда болгон.
Чарбачылык иштер
түзөтүү- балык уулоочулук;
- багбанчылык;
- малчылык (чочко, эчки, тоок).
Коом
түзөтүүМоногамдык чакан үй-бүлөлөр. Туугандык эсеп ата жактан маанилүү.
Маданият
түзөтүүМаданияты африкалык жана европалык элементтерди айкалыштырат. Европалык жашоо образын алып барышат. Элдик фольклор өнүккөн.
Булактар
түзөтүү- https://travel-journal.ru/ethno/27/197/ Archived 2016-06-26 at the Wayback Machine