Сантомеликтер
Сантомеликтер (Сан-Томе креолдору, өз аталышы: тонгаш) — эл. Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасында жашайт.
Саны 91 миң адам.
Сантомеликтер | |
Сан-Томе жана Принсипинин улуттук валютасы. | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 91 миң адам | |
Тили | |
Дини |
Христианчылык (католиктер, протестанттар), |
Расалык тиби | |
Тууган элдер | |
Келип чыгышы |
бантулар, европалыктар |
Тил
Лингва сантоме, португал жана испан тилдеринде сүйлөшөт. Лингва сантоме тили португал жана банту тилдердин негизинде түзүлгөн.
Дин
Көбү — католиктер. Бир аз протестантизм жана жергиликтүү салттуу ишенимдердин избасарлары бар.
Келип чыгышы
Сан-Томе аралын португалдыктар 1469-1471-жылдары ачышкан. Португалдардын аралды колонизациялоосу 15-кылымдын аягында башталган. Плантацияларда (кант тростниги, какао, кофе) иштөө үчүн Африка континентинен кулдар алынып келинген. Кулдардын көбү банту элдеринен болгон. 16-18-кылымда европалыктар (португалдар, голланддар, француздар) менен африкалыктардын (бантулар) аралашып кетишинин натыйжасында сантомеликтердин негизин түзгөн этникалык топ пайда болгон.
Чарбачылык
- соода
- балык уулоо
- багбанчылык
- мал чарбачылык (эчки, чочко, тоок)
Социум
Түзүлүшү моногамдык кичинекей үй-бүлөлөргө негизделген. Нике конушу вирилокалдык. Тууганчылыктын эсеби аталык.
Маданият
Маданияты (айрыкча фольклордо) африкалык жана европалык элементтерди айкалыштырат.
Европалык жашоо образын алып барышат.
Булактар
түзөтүү- https://travel-journal.ru/ethno/45/1219/(жеткиликсиз шилтеме)