Антагонизм (гр. аntagonisma – күрөш, коомдогу карама-каршылыктардын күрөш формасы) – келишпес кас багыттардын, күчтөрдүн күрөшүн мүнөздөөчү карама-каршылыктардын бир формасы. Антагонизм коомдогу саясий жана социалдык конфликттердин – агонисттик, келишүүчүлүктөн айырмаланып, антагонисттик, келишпөөчүлүк конфликттердин негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9