Антивитаминдер(греч. ἀντί — каршы, лат. vita — жашоо) — химиялык түзүлүшү витаминдерге жакын, бирок биологиялык таасири аларга карама-каршы келген бирикмелер. Организмге киргенде Антивитаминдердин ордуна зат алмашуу реакцияларына катышып, алардын нормалдуу жүрүшүн токтотот же бузат. Бул тиешелүү витамин тамак менен керектүү өлчөмдө организмдин өзүндө пайда болсо да, витаминдин жетишсиздигине алып келет.
Бардык витаминдердин антивитаминдер бар экендиги белгилүү. Мисалы, В] витамининин (тиаминдин) Антивитаминдер — пиритиамин, ал полиневритти пайда кылат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8