Антипротон (p)протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлүкчөсү. Антипротон (p) менен протондун массасы жана спини барабар, электр заряды жана магнит моментинин абсолюттук чоңдугу бирдей, бирок белгилери карама-каршы. Антипротондун электр заряды терс маанилүү. 1955-жылы О. Чемберлен, Э. Сегре жана башка (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык антипротон менен протон бирге пайда болушат. Антипротон жуп бөлүкчөлөр эки бош протон кагылышканда пайда болот. Антипротон зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1