Антракт

бирге антаркт , экиге сахна

Антракт (фр. entracte, entre — аралык деген мааниде) — сахналык чыгармаларда, концерттерде жарыялануучу тыныгуу аралыгы. 1) спектакль, цирк оюну, концерт учурунда артисттердин, көрүүчүлөрдүн тыныгуусу, сахна жасалгаларын алмаштырууга зарыл убакыт; 2) драмалык спектаклдерде көшөгө ачылар алдында ойнолуучу (оюнга тиешеси жок) музыкалык пьеса; 3) операда, балетте оркестрдин аткаруусундагы актта (биринчиден башка), кээде концертте аткарылуучу номер (Ж. Бизенин «Кармен» операсында 3-көшөгөдө). Операда же драмада сүрөттөрдүн арасында аткарылуучу пьеса (Н. А. Римский-Корсаковдун «Китеждеги көрүнбөгөн шаар тууралуу жомок» операсынан «Керженцтин алдындагы салгылаш» симфониялык картинасы).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Шилтеме түзөтүү