Ант ырлары – убада берүү, касам ичүү, ант берүү багытындагы элдик оозеки чыгармалар. Алар жоого жөнөп жаткан жоокерлер, аскер катарына алынган жигиттер тарабынан айтылган. Эпикалык чыгармалардын ичинде да ант ырлары учурайт.

Мисалы,

  • Антымдан жансам:
  • Төбөсү ачык көк урсун,
  • Төбөсү туюк көр урсун,
  • Төшү түктүү жер урсун!
  • Караңгы түндө өлөйүн,
  • Чыккан күндү көрбөйүн!
  • Кечке жаным жетпесин,
  • Таңга жетпей өлөйүн!
  • Антымдан жансам:
  • Ыйык жума каары урсун,
  • Абийиримдин агы урсун!
  • Жумшакты сылап көрбөйүн
  • Катууну кармап көрбөйүн.
  • Аманаттын анты урсун,
  • Касиеттин наркы урсун!
  • Адамдын сырын билбейин,
  • Асылды барктап кийбейин!
  • Касам ичем актыкка,
  • Тузга тийем тактыкка.
  • Актыгыма ай күбө,
  • Кудайдан корккон жай күбө.
  • Антымдан жансам,
  • Акыретим айгине!
  • Аккан суунун шары урсун,
  • Асмандын жарык таңы урсун!
  • Теңиртоонун каары урсун,
  • Ыйык Мекке шаары урсун!


Ант ырларында элдин ыйыктык жөнүндө түшүнүктөрү, алардын анимисттик-тотемдик көзкараштары камтылган да, жаштарды тарбиялоонун өзүнчө бир каражаты катары кызмат өтөгөн.

Колдонгон адабият: түзөтүү

  • Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
  • Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994