Апелляциялык даттануу - мыйзам күчүнө кире элек сот өкүмү жана чечимин өзгөртүш үчүн жогорку инстанцияга даттануу. Апелляциялык сот даттанууну кайрадан изилдейт да төмөнкү соттун чыгарган өкүмүн шексиз далилдер менен кубаттайт же төгүнгө чыгарат. Учурдагы дүйнөлүк укук таанууда сот чечимин өзгөртүү боюнча даттануунун бирдиктүү формасын кассация деп аташат. КРнын кылмыш иштер боюнча апелляциялык даттануу укугу соттолгон же акталган адамга, алардын адвокаттарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө, күнөөлөчү адамга жана анын өкүлүнө, жабыр тартуучуга жана анын өкүлүнө таандык. Жарандык доочу, жарандык жоопкер жана алардын адвокаты жарандык доого тиешелүү иштин бөлүгүн токтотуу жөнүндө өкүм же анын токтому тууралуу даттанууга укуктуу. Апелляциялык даттануу тиешелүү облустук, Бишкек шаары жана КРнын аскер соту тарабынан каралат. Анын берүү тартиби, мазмуну, даттануу жана мөөнөтү ишти кароо эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1