Аподиктикалык (грекче apadeiktike (episteme) – ишенимдүү, далилдүү) – тигил же бул ой жүгүртүүлөрдүн, ой-жорутуулардын, пикирлердин, мазмундардын калетсиз зарылчылыгын мүнөздөөчү жана билимдердин логикалык жогорку тактыгын, ынанымдуулугун туюнтуучу философиялык термин.

Акыйкат жоболорго алып келүүчү далилдүү негиздөөлөрдөн Аподиктикалык ой жүгүртүүнүн тууралуулугу, ишенимдүүлүгү келип чыгат. Өз учурунда Аристотель Аподиктикалык ой жүгүртүүлөрдүн өзгөчөлүгүн изилдөө менен, андан башка да «диалектикалык», б. а. ыктымалдуу ой-жүгүртүүлөрүн, ой-жорутуулардын боло тургандыгын белгилеген. Аподиктикалык түшүнүгүнүн кийинки эволюциясы формалдык логиканын өнүгүшү менен байланышкан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (Энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,ISBN 9967-14020-8.