"Апокалипсис" (англ. Apocalypto) - 2006-жылдагы америкалык эпикалык жоруктуу тасма. Режиссер жана продюсери Мел Гибсон. Сценарийин жазган Фархад Сафиния. Тасмага жергиликтүү мексикалык жана жергиликтүү америкалык Руди Яңблад, Раул Трухило, Майра Сербуло, Далия Эрнандес, Иан Уриел, Херардо Тарасена, Родолфо Паласиос, Бернардо Руиз Хуарез, Аммел Родриго Мендоза, Рикардо Диаз Мендоза жана Исраел Контрерас аттуу актерлор катышышкан. Гибсондун "Христостун азабы" деген аталыштагы мурунку тасмасындагыдай эле тасманын диалогу заманбап тилге жакындаштырылган байыркы тилде болот. Тасмада Майа уруусунун юкатек тили англис жана башка тилдин субтитринин коштоосунда колдонулган. Юкатек тили кээ бир жерлерде Майа тили деп да айтылып жүрөт.

Apocalypto
Жанры

drama film и historical drama

Режиссёру

Мел Гибсон

Продюсери

Мел Гибсон,
Bruce Davey

Сценарийдин
автору

Мел Гибсон,
Farhad Safinia

Оператору

Дин Семлер

Композитору

James Horner

Кинокомпания

Icon Productions и Touchstone Pictures

Узактыгы

138 мүн.[1]

Бюджети

$40 млн[2]

Кирешеси

$120.7 млн[2]

Өлкө

АКШ

Тили

Юкатек Майа

Жылы
  • декабрь 8, 2006 (2006-12-08)
IMDb

ID 0472043

Чындыгында Майанын кыйроосу 600 жыл мурун болгону менен тасманын окуясы 1511-жылдын тегерегиндеги Колумбияга чейинки Юкатан жана Гватемаладагы окуяны баяндайт. Окуя Майа цивилизациясынын бүтөөрүнө аз калган мезгилде месо-американын бир уруусунун адамы курмандыкка чалынуудан качып, айылы талкаланып жана барымтага алынып кеткенден кийин өз үйбүлөсүн куткарып калуусунун тегерегинде уланат. Тасма ийгиликтүү сатылып, дүйнөлүк аренадан 120 миллиондон ашык киреше алып келген. Киносынчылар Гибсондун режиссердук эмгегин, Диин Семлердин кинематографиясын жана актерлордун роль аткарууларын мактоо менен көпчүлүгү жылуу пикир айтышкан.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Apocalypto. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2012.
  2. 2.0 2.1 http://www.boxofficemojo.com/movies/?id=apocalypto.htm