Апполондук жана Дионийсийлик

Ф. Ницшенин “Музыканын рухунда трагедиянын келип чыгышы” эмгегине киргизилген философиялык эстетикалык түшүнүктөр. Ницше бул түшүнүктөрдү Апполон менен Дионистин образдарын өзүлөрүнө сиңирген болмуштун эки башталмасын, маданияттын эки тибин мүнөздөө үчүн пайдаланган. Апполондук бул түстүү, жарык, рационалдык, дионийсийлик – караңгы, хаотикалык, иррационалдык башат; Дегинкиси «Апполондук» жана «Дионесийлик» түшүнүктөрү романтизм (Ф. Шлегель, Шеллинг ж. б.) заманда белгиленип, мажестик жана сентименталдуулук, классикалык жана романтикалык сыяктуу типтүү карама-каршы коюлуулар менен катар турган. Өз учурунда Ницше адамдагы өзгөчөлөнгөндүктүн идеалын Апполон менен Донисийдин белгилүү бир тең салмактуулугунан көргөн, мындай жагдай кийинчерээк иррационалисттик философиялык маданиятта байкалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү