Аптечкалар — өзүнө жана өз ара биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө арналган каражаттардын жыйындысы.

Аптечкалардын бир нече тиби белгилүү. Биринчи жардамдын универсалдуу аптечкасы өнөр жайда, курулушта, жүрүштө, талаада жана үй шартында биринчи жардам көрсөтүүдө колдонулат. Анда ооруну басаңдатуучу, температураны төмөндөтүүчү, сезгенүүгө каршы дарылар (амидопирин, анальгин, аспирин), сеп алдыруучу дарылар, какырык чыгаруучу, ичеги-карын дарылары; жүрөк ооруга колдонулган валидол таблеткалары; эстен танууда жыттатуу үчүн аммиактын эритмеси (нашатырь спирти); жараат, жараларды жууганга антисептикалык каражаттар (калий перманганатынын мала кызыл эритмеси); оозду, тамакты чайкоочу (бор кислотасынын эритмеси), жара, кесиктерге сыйпалуучу заттар (йоддун спирттеги эритмеси) жана башка болот. Андан башка таңгыч каражаттар — стерилденген бинт, кебез, бактерициддик пластырь, резина буугуч, шакшак, термометр, кичинекей стакан, көздү жууганга ванночкалар болот.

Эне менен баланын аптечкасында эмчектеги баланы багууда керектүү буюмдар болот. Анда упчу, клизма жасоо үчүн резина алмурутча, көзгө дары тамызгыч, суунун жана дене температурасын өлчөөчү термометр, полиэтилен плёнка, даки, балдар самыны, антисептикалык заттар (йоддун спирттеги эритмеси, калий перманганатынын жана бор кислотасынын күкүмү), таңгычтар (бинт, кебез, бактерициддик пластырь), вазелин майы, балдар бет майы жана башка болот.

Жеке аптечка ядролук жана химиялык куралдардын жабыркатуучу факторлорунун таасирин жоготуу же азайтуу максатында, ошондой эле жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн өзүнө жана өз ара жардам көрсөтүүдө колдонулат. Ал ар түрдүү дары заттардан турган комплекстен түзүлүп, атайын тюбикке жана кутуларга салынып чыгарылат. Ооруну басаңдатуучу дарылар атайын шприц-тюбикте болот; ал катуу оорутуучу сынык, чоң жарааттарда жана күйүктө (шокту алдын алуу максатта) колдонулат. Фосфор органикалык заттар менен уулануудан алдын ала сактоочу каражаттар «Химиялык кол салуу» сигналы боюнча кабыл алынып (1—2 таблетка), противогаз кошо кийилет.

Бактерияга каршы № 2 каражат ичеги-карын ооруп, ич өткөндө колдонулат. Биринчи суткада бир кабыл алууда 7 таблетка, кийинки 2 суткада 4 таблеткадан берилет. Радиациядан сактоочу № 1 каражаттар нурга чалдыгуу коркунучунда (6 таблетка), нурга чалдыгуунун кайталануу коркунучунда (6 таблетка) кабыл алынат. Бактерияга каршы № 1 каражаттар жугуштуу оорулардын жугуу коркунучунда, алардын биринчи белгилери байкалганда, ошондой эле жараатта жана күйүктө колдонууга болот. Адегенде 5 таблетканы суу менен ичүү керек, 6 сааттан кийин дагы 5 таблетка кабыл алынат. Радиациядан сактоочу № 2 каражаттар радиоактивдүү заттар түшкөндөн кийин, айрыкча консерваланбаган сүттү ичүүдө колдонуу керек. Негизинен балдарга күнүнө 1 таблеткадан (10 күнгө чейин) берилет. Кусууга каршы каражаттарды нурга чалдыгуудан кийин, ошондой эле баш катуу урунгандан кийин жүрөк айланса, кабыл алуу сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8