Башбаракты ачуу

Арабдардын Орто Азияга жортуулдары

Арабдардын Орто Азияга жортуулдары — Араб халифатынын 8-кылымда ислам динин таратуу максатында Орто Азия менен Казакстан жергесине жасаган жортуулдары. 633-жылдан тарта бир кылымга созулган жүрүштөрдүн натыйжасында арабдар түштүктө Түндүк Африканы, батышта Франциянын Бурбон аймагына чейин, чыгышта Синд (Инд) дарыясына чейинки аймактарды багындырып, империяга айланган. Андан ары арабдар Палестина, Сирия, Ирак, Иран, Афганстанды караткан. Халиф Абд ал-Маликтин, андан соң анын уулу халиф ал-Валид Iнин мезгилинде (705-715) арабдардын Орто Азияга жортуулдары башталган. Атактуу араб колбашчысы, Хорасандын наместниги Кутейба ибн Муслим 710-712-жылы Бухара менен Самаркандды, Хорезмди каратып, 713-жылы Сыр дарыядан өтүп, Фергананы жанаа Шашты (Ташкен) ээлейт. Халиф Умар IIнин мезгилинде 719-жылы арабдар Согдуну басып алышат. 751-жылы июлда Талас өрөөнүндөгү Атлах шаарынын жанында Тан династиясынын аскерлери менен Араб халифатынын аскерлеринин ортосунда салгылашуу болуп өткөн. Согуштун жүрүшүндө Тан аскерлери чоң жоготууларга учурап, карлуктардын, жана башка жергиликтүү элдердпн колдоосу менен арабдар жеңишке жетишкен. 812-817-жылдарда арабдар Фергананын борбору Касанды басып алган. 875-жылы халиф ал-Мутамид Саманиддер династиясынан чыккан Наср ибн Ахмедди Мавереннахрдагы бардык провинцияларга наместник кылып дайындайт. Алардын тушунда Мавереннахр жана Фергана аймагы толугу менен Араб халифатына караган. Караханиддердин мезгилинде 960-жылы ислам дини мамлекеттик дин деп жарыяланып, атайын мыйзам менен бекитилген. Натыйжада арабдардын тили, жазмасы, материалдык жана рухий маданиятынын элементтери жергиликтүү элдерге таркаган. Ошол эле учурда жергиликтүү элдер да араб маданиятынын калыптануусуна зор таасирин тийгизген.

Колдонулган адабияттарОңдоо