Араб көркөм искусствосу – Аравия жарым аралындагы араб элдеринин, Жакынкы Чыгыш өлкө­лөрүнүн байыркы жана Орто кылымдагы көр­көм искусствосун, ошондой эле Испаниянын, Түштүк Африканын араб – бербер элдеринин орто кылымдагы көркөм искусствонун аталышы. Азыркы күндө байыркы А. к. и. деп эсептелинген майда коло жана чопо пластикасы менен архитектура эстеликтеринин катары Аравия жарым аралынын (Сабей, Миней, Химьярит падышачылыктары) байыркы мамлекеттеринде пайда болгон. Орто к-дардагы эң чоң алгачкы феодалдык мамлекет – Араб халифатынын түзүлүшү менен А. к. и. бүткүл түндүк – батыш Африкага, Испаниянын бир топ бөлүгүнө, Египетке, Сирияга жана Иракка таркаган. Орто кылымдагы А. к. и-сунун калыптануусуна араб элдери менен бирдикте Араб халифатынын курамына кирген башка көп мамлекеттер да чоң роль ойногон. Орто к-дык А. к. и-сунун түзүлүшүнүн негизги борборлору Египет, Сирия, Ирак болгон. А. к. и-сунун эң жогорку гүлдөп өнүгүшү VII-XI к-дарга таандык. XVI–XIX к-дарда феодализмдин жалпы ыдырай башташына байланыштуу жана Осмондук Турциянын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн жеңип алуусу менен А. к. и-сунда сенектик мезгил башталган. XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында арабдардын түрк үстөмдүгүнө жана империалисттик державалар таңуулаган колониялык режимге каршы улуттук боштондук кыймылынын өсүшү менен А. к. и-сунун (негизинен XX кылымда адабиятта жана көркөм сүрөт искусствосунда) жаңыча калыптанышы башталган. Жаңы А. к. и-сунун негизги египеттик жана сиропалестиналык эки мектеби түзүлө баштайт жана алар өз чыгармаларын орто кылымдагы А. к. и. билбеген жаңы көркөм формалар жана заманбап коомдук-саясый мазмун менен байытышты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү