Араб шериктештиги - Саясий жана экономикалык тармактар боюнча иш алып барган араптардын ортосундагы уюм. Борбору алгач Каирде болуп, кийин Туниске көчүрүлгөн.

1945-жылы курулган бул уюмга алгач Египет, Иран, Иордания, Сирия, Ливан, Сауд Аравиясы жана Йемен мүчө болгон болсо, кийинчерээк Ливия, Судан, Марокко, Тунис, Кувейт жана Алжир мамлекеттери кошулган. Учурда уюмда 22 мүчө мамлекет бар. Туруктуу катчылыгынын башында баш катчы болот жана ал уюмдун бардык иштерин башкарат. Мезгил-мезгили менен министрлер аралык жыйналыштар, же болбосо жогорку деңгээлдеги саммиттер уюштурулуп, анда арап өлкөлөрүнө тийиштүү, ошондой эле дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу саясий жана экономикалык тармактарда талкуулар болот, мүчө мамлекеттердин тышкы саясатынын тартипке салынышы жөнүндөгү пикир келишпестиктер жөнгө салынат, мындан башка экономикалык, финансылык жана аскердик кызматташууга байланыштуу чечимдер чыгарылат.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9