Арамза суусуСуусамырдын оң куймасы. Узундугу 32 км, алабынын аянты 170 км2.

Арамза
Мүнөздөмө
Узундугу 32 км
бассейндин аянты 170 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Суусамыр кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталындагы чакан мөңгүлөрдөн башталып, кууш өрөөн аркылуу шар агып, андан чыккандан кийин Суусамырга куят.

Нугу босоголуу. Алабында мөңгү (жалпы аянты 2,6 км2 бар.

Суу куралуучу аянтынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3000 м.

Жылдык орточо чыгымы 1,7 м3/сек. Май – июнда кире баштап, октябрь – ноябрда тартылат. Өрөөнү малга жайлуу.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2