Суусамыр
Суусамыр өрөөнү — Ички Теңир-Тоодо, Кыргыз, Талас Ала-Тоолору менен Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун аралыгында деңиз деңгээлинен 2000–3200м бийикте жайгашкан. Тегерегиндеги тоо кыркалар өрөөндүн таманынан 1000— 2000 мге чейин көтөрүлөт. Батыштан (Ала-Белден 3184м бийиктикте) чыгышка (Кара-Кол ашуусуна чейин 3452м) 150кмге созулуп жатат. Аянты 4,3 миң км2. Өтмөк, Суусамыр сууларынын чатынан Жоо-Жүрөк өрөөнүнүн оозуна (же Батыш Кара-Колго Сокулук суусу куйган жерге) чейинки бөлүгү кенен, жайык келип, 80–85 кмге созулат. Туурасы эң жазы жеринде — Төө-Ашуу менен Суусамыр кырка тоосунун эң бийик чокусу (4048 м) тушта (Үч-Эмчектин башы) 45 км. Өрөөн улам батышка барган сайын куушурулуп, таманы бийиктейт. Суусамыр өрөөнү рельефи боюнча (1199) үч бөлүккө ажырайт: 1) батыш бөлүгү — Дубан-Кечүү өрөөнү, 2) Борбордук бөлүгү Суусамыр өрөөнү, 3) Батышы Кара-Кол өрөөнү. Дубан-Кечүү өрөөнү Суусамырдын баш жагын ээлеп, Корумду менен Айгыр-Жал тоолорунун бири-бирине жакындап, өрөөндүн кууш тарткан жерине чейин созулат. Таманы түз, бир аз жантайыңкы; 2300–3000 м бийикте жатат. Капталдары тик айрыкча Талас Ала-Тоосунун күнгөй беттери. Борбордук Суусамыр өрөөнү жайык, сырткы көрүнүшү жагынан үч бурчтукту элестетет. Үч бурчтуктун чыгыш капталы гана Жумгал тоосунун батыш урчугу — Киндик тоосу менен ичин карай ийилген. Суусамыр кырка тоосунун тескейи бул тушта өтө жантайыңкы. Борбордук. бөлүктүн таманы майда адырлуу, дөңсөөлүү түздүк. Суу боюнда тектирлер да бар. Суусамыр өрөөнүнүнн бул бөлүгүнүн рельефи, топурагы, климаттык шарттары дыйканчылыкка ыңгайлуу. Батыш Кара-Кол өрөөнү Суусамырдын чыгышында Кыргыз Ала-Тоосу менен Кара-Мойнок, Жумгал, Киндик тоолорунун аралыгында жайгашкан. Башка бөлүктөрүнө караганда кууш келип, капталдары тик, таманы 2100–3000 м бийикте жатат. Чыгыш тарабында өрөөн өтө куушурулуп, өрөөндөр, ойдуңдар,түздүктөр, жайгашкан. Киндик-Тоосунун түштүк.- чыгышында 2000— 3000 м бийикте Жоо-Жүрөк өрөөнү түндүк.-чыгыштан түштүк.-батышка созулуп жатат. Суусамыр өрөөнүндө кайназой заманында пайда болгон кумдук, конгломерат, кызыл түстүү чопо бар. Өрөөндүн таманында жана тоо этектериндеги эңкейиш түздүктөрдө төртүнчүлүк мезгилдин кум- шагылы менен чополору кеңири таралган.
Суусамыр өрөөнүнүн климаты континенттик. Жайында абанын температурасы кээде 30°Сге чейин жетсе, кышында —40°С, —45°Сге чейин төмөндөйт. Январдын орточо. темпемпературасы –20–21°С, июлдуку 13–14°С. Жайында түнкүсүн көбүнчө шүүдүрүм түшөт, үшүк чалган учурлар да болот. Жылдык жаан- чачыны 350–370 мм (кургакчыл жылдар- да 255 мм, жаанчыл мезгилден 500 ммге жетет). Жылдык жаан-чачындын 63%и март — июлга туура келет. Кышы узак (5–6 ай), кар калың түшөт (1 мге чейин). Негизинен батыш, түндүк.-батыш тараптан соккон шамал үстөмдүк кылат.
Негизги суулары — Суусамыр менен Батыш Кара-Кол (к. Кара-Кол) кошулуп, Көкө-Меренди түзөт. Чоң-Корумду, Балыкты, Токойлуу, Чыгыш Арам-Суу, Үч-Эмчек, Шили-Суу жана башка өрөөндөрдүн баш жактарында майда көлдөр бар. Рельефке, бийиктикке жана климаттык шарттарга жараша Суусамыр өрөөнүнө төмөнкү ландшафт алкактары мүнөздүү: 1) Бетеге-шыбактуу кургак талаа (2000–2200 м бийиктикте) Суусамыр суусунун өйүз-бөйүзүндөгү түз жерлерди, тоо этектерин ээлейт.<br. Бозомтук күрөң жана күрөң топурактуу. Топурак бетинин 50–70%ин өсүмдүктөр каптап, калганы ачык — такыр. 2) Бетеге-аккыл- кандуу талаа жана түркүн чөп (шимүүр, каз таман, жөргөмүш)-кылкандуу (бетеге ж.б.) шалбаалуу талаа (2200–2600 м). Топурагы күңүрт күрөң же коңур түстө, чымдуу. 3) Кылкандуу (атконок, түлкү куйрук, тоо сулусу ж. б.) түркүн чөп басымдуулук кылган субальп шалбаасы (3000–3100 мге че- йин). Топурагы шалбаалуу кара жана каралжын түстө. 4) Бетеге-тулаңдуу өлөң жана түркүн чөптүү альп шалбаасы (3500– 3700 мге чейин). Тоо шалбаа жана шалбаа- талаа, таштак, чириндиге бай топурактуу. 5) Гляциалдык-нивалдык алкак (3500– 3700 мден жогору) — таш шагылдуу беттер, аскалуу жондор, корум таштар, мөңгүлөр, эрибей жаткан көп жылдык карлар, аркайган бийик чокулар. Өрөөндүн таманында, айрыкча Суусамыр, Батыш Кара-Колдун төмөнкү агымдарын бойлой бадалдуу токой (тал, терек, кайың) өсөт.
Суусамыр өрөөнү негизинен жайкы жайыт катарында пайдаланылат. Чүй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрүндөгү чарбалардын малы жайылат. Кышында Жумгал, Жайыл, Панфилов, Москва, Сокулук райондорунун малы кыштайт. Малга тоют даярдоо үчүн Суусамыр машина мал чарба станциясы уюшулган. Эгин (арпа, сулу) жана тоют өсүмдүктөрүн айдайт. Суусамыр өрөөнү аркылуу Бишкек — Ош, Кара-Балта — Миң-Куш автомобиль жолдору өтөт. Өрөөндө Кожомкул, Тунук. Үлгү, Биринчи-Май, Суусамыр кыштагы. жайгашкан.
Байланыштуу макалаларОңдоо
Колдонулган адабиятОңдоо
- “Кыргызстан географиясы. Мамлекеттик тил комиссиясы”- Бишкек-2004.