Аргынэтноним. Кыргызга жамаатташ жайгашкан түрк урууларынын бири. Азыркы учурда казактардын орто жүз курамынын ичиндеги эң ири уруусу. 8 — 12-кылымда Жети-Сууну, анын ичинде Таласты жердеген аргу уруусу менен байланышы бар. А., аргу экөө тең «аралаш», «курама», «ар кошкон уруулардын бирикмеси» маанисин туюнтат. Эпосто А. өз алдынча уруу катары сүрөттөлөт. Бул кыргыз менен казактын 16—18-кылымга таандык тарыхый алакалары гана эмес, 13-кылымга чейинки кыргыз А. байланыштары тууралуу да эпикалык дарек болуп саналат. Кыргыздар менен А. ата-журту боюнча коңшулаш, саясий багыты дайыма бирге, союздаш: Аман болсо Манасың, Кең-Кол, Талас жер табат, Атамдан калган мурас деп, Аргын, кыргыз эл табат (Саякбай Каралаев, 1.69).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4