Ардланкет, Ардланкат, Арделанкет, Ардланкас – тарыхый топоним.

Орто кылымда Жидгил (Жадгал) округуна караган шаар. Араб-фарсы адабияттарында ал калаа жөнүндө айрым маалыматтар кезигет. Истахри (10-к.) А. Шаш округуна кирет, Илак (орто кылымда – Ахенгеран, азыр – Ангрен) м-н Парак (Чырчык) д-нын аралыгында, Кассан ш-нан эки станция алыс турат дейт. Ибн-Хаукал (9-к.) А. Жидгил облусундагы шаар, бул аймакта андан башка калаа жок экендигин жазат. Орто кылымдагы Жидгил округу азыркы Чаткал өрөөнүнүн аймагы (В. В. Бартольд, 1900). А-ке Чаткалдын сол куймасы Аксуунун чатындагы Күлбөскан шаар чалдыбары (10–12-к-дар) төп келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2