Аркан
Аркан - материалдык маданиятта байлоочу, таңуучу, тутуучу ж.б. милдеттерди аткаруучу буюм. Аркан бир нече жипти бириктире чыйратып же өрүп жасалган жоон жип. Кыл аркан (жүнгө жылкынын жал-куйругунан, топоздун кылынан кошуп эшилет); жүн аркан (койдун, эчкинин жүнүнөн эшилген жоон жип). Кыл аркан бодо малды тейлөөдө (жылкыны сыйыртмак же укурук менен кармаганда, жыкканда) көбүрөөк колдонулат. Аркан күндөлүк тиричиликте малды отко коюу (аркандоо), козу-улактарды көгөндөө, кулундарды желеге байлоо, үй буюмдарын таңуу, боз-үйдүн айрым бөлүктөрүн бириктирүүдө ж.б. кеңири колдонулат.
Аркан тартмай, алты бакан ж.б. оюн-зооктордо арканды колдонушкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАкматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|