Аркыт (Сары-Челек) көмүр кени

Аркыт (Сары-Челек) көмүр кени Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Чаткал жана Атойнок тоолорунун кошулган жеринде, Кожата суусунун эки жээгинде. Кен 1934-жылдан белгилүү. 1952-ж. геол. съемка жүргүзүлгөн. Көмүр төмөнкү юра катмарынын жогорку жагы – туманьяк свитасы менен байланышкан. Анда калыңдыгы 0,5–5,0 м болгон 20 кабат бар. Алардын ичинен 3 кабат кеңири таралган. Көмүрдүн сапаты бир аз гана сынамык аркылуу изилденген. Орточо күлдүүлүгү 7,07%тен 25,95%ке чейин, күйүү жылуулугу 30,34 МДж/кгдан 32,21 МДж/кгга чейин өзгөрөт. Начар изилденгендигинен көмүрдүн запасы эсептелбеген. 600 м тереңдикке чейинки болжолдуу ресурсу 56 млн т деп бааланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү